ЭЛ АРАЛЫК ИНФОРМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР 16 МЕДАЛЬ ЖЕҢИШТИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Май 2026 ж. 11:10

Көрүлдү: 393

2026-жылдын 15–17-апрель күндөрү IATI 2026 эл аралык информатика олимпиадасы онлайн форматта өттү. Мелдешке дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн жүздөгөн окуучулар катышып, Кыргызстандын курама командасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Жалпы эсепте окуучуларыбыз 3 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль багындырышты.

post.title

Senior категориясында 12 өлкөдөн 285 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу күч сынашып, жыйынтыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.

Жеңүүчүлөр:

• 🥇 Бобрус Ян - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу - Даярдаган мугалимдери : Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий
•🥈 Нурислам Карипжанов - Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу
• 🥈 Али Арапов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Рамазан Мананов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Алихан Айдарбеков - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 12-классынын окуучусу
•🥉 Али Алмазов - Жайыл Баатыр атындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Абдуллахан Абдирасулов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Кылычбек Урайымов
• 🥉 Аруубек Баймырзаев - “Акылман” президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу
• 🥉 Актан Мавлянов - “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов

Junior категориясында (2011-жылы же андан кийин төрөлгөн окуучулар) 12 өлкөдөн 155 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу катышып, 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утушту.

Жеңүүчүлөр:

• 🥇 Эмирхан Сыдыкбаев - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥈 Арлан Саят - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥈 Ариет Акимов - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥉 Жаратов Нурмухаммед - ОК “Маариф” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалимдери: Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий

• 🥇 Бектен Абдувалиев - Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan мектебинин 8-классынын окуучусу
Даярдаган мугалимдери: Мирбек Бакиров, Кылычбек Урайымов

• 🥈 Азирет Исраилов - “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
• 🥉 Айназик Жусупова - “Intellect Pro School” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов

Кыргызстандын курама командасынын мындай ийгилиги өлкөбүздүн жаш информатиктеринин эл аралык деңгээлдеги атаандаштык мүмкүнчүлүгү жогорулап жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги олимпиадада ийгилик жараткан бардык окуучуларды, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын чын дилинен куттуктап, мындан аркы эл аралык мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар