Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Май 2026 ж. 17:40
Көрүлдү: 124
2026-жылдын 29-апрелинде Башкортостан Республикасынын Уфа шаарындагы М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов жана Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабиров жолугушту.
Россия Федерациясынын агартуу министри С. Кравцовдун демилгеси менен уюштурулган иш-чара М. Акмулланын эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды.
Андан соң министрлер университеттин Технопаркын көрүп, анын долбоорлору менен таанышышты. Ошондой эле «Манас-Урал» кыргыз маданият жана билим берүү борборунда кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Кыргызстанда курулуп жаткан 9 мектептин курулуш иштери боюнча кеңейтилген эки тараптуу жыйын өттү. Анда мазмундук багыты, 12 жылдык билим берүүгө багытталган орус тили китептерин жаңы талаптарга ылайыктоо жана педагогдорду даярдоо маселелери каралды.
Ошондой эле министрлер Кыргызстан менен Россиянын билим берүү кызматкерлери үчүн уюштурулган практикалык окууга катышып жаткан педагогдор менен да жолугушту.