АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ 29-МАЙДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Апрель 2026 ж. 12:20

Көрүлдү: 438

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин № 593/1 буйругуна ылайык, «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасы өлкөнүн бардык мектептеринде 2026-жылдын 29-майында саат 09:00дө өткөрүлөт.

post.title

Буйрукка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча жана башка баалуу каражаттарды чогултууга, ошондой эле мектепте өткөрүлүүчү салтанаттан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Иш-чараны өткөрүү учурунда окуучулардын өмүрү жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектеп аймагында тез күйүүчү, травматикалык фейерверктерди, техникалык жабдууларды жана башка кооптуу каражаттарды колдонууга, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларды учурууга жол берилбейт.

БУЙРУК

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар