МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨНҮН ЖАҢЫЛАНГАН ШАРТТАРЫ БОЮНЧА АЙМАКТАРДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Апрель 2026 ж. 11:07

Көрүлдү: 498

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери 2026-жылдын 28-апрелинен тартып өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңыланган шарттарын түшүндүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

post.title

Түшүндүрүү иштерине министрликтин бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгынын, ошондой эле борборлоштурулган бухгалтериясынын кызматкерлери тартылган.

Иш-чаралар Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Баткен облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында өтүүдө.

Бул аракеттер эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын билим берүү тармагындагы кызматкерлерге туура түшүндүрүү менен маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле май айындагы майрамдардын алдында эмгек акыларын өз убагында төлөп берүүнү камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 539/1 буйругунун негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомун колдонуу тартибин түшүндүрүү максатын көздөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар