МЕКТЕП ФОРМАСЫ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Апрель 2026 ж. 10:49

Көрүлдү: 1114

Агартуу министрлиги тарабынан бирдиктүү мектеп формасы боюнча сунуштарды карап чыгуу үчүн 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 545/1 буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлгөн.

post.title

Жумушчу топ бирдиктүү мектеп формасынын алкагындагы жаралган маселелер боюнча тиешелүү тараптардын (мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, эксперттер ж.б.) пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 572 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

Көпчүлүк учурларда ата-энелер өз алдынча балдары үчүн “үстү ачык түстө, асты кочкул түстө” деген талапка ылайык мектеп формасын тандашып келет. Мындай практика кеңири таралган жана билим берүү процессинде кандайдыр бир кыйынчылыктарды же конфликттик жагдайларды жараткан эмес.

КЫЗДАР ҮЧҮН МЕКТЕП ФОРМАСЫ:
Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.

Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кара-кызыл) тигилет.
Пиджак бир борттуу же эки борттуу, жарым-жартылай кыналган же түз болушу мүмкүн.

Жилет классикалык стилде бычылып, негизги түскө ылайык же чакмак өңдө болот.

Пиджактын жана жилеттин топчулары сөзсүз түрдө костюмдун/юбканын өңүндө болуп, жөнөкөйлүгү менен айырмаланууга тийиш.

Шым түз бычылат, бирок багалек жагы бир аз ичкеришине жол берилет. Юбка түз, кенен же этеги кууш формада, ошондой эле бүктөлмө же плиссе болушу мүмкүн. Юбканын (көйнөктүн) минимум узундугу - тизеден ылдый 5 см, максимум узундугу - балтырдын ортосуна чейин.

Көйнөк кебез кездемеден тигилип, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш-боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч.

Мектеп формасынын комплектисине мектеп формасынын негизги өңүнө ылайык же анын өңүнө контрасттуу түстөгү классикалык формадагы галстук киргизилиши мүмкүн.

Кыздар үчүн мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.

БАЛДАР ҮЧҮН МЕКТЕП ФОРМАСЫ:
Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Пиджак бир борттуу же эки борттуу, жарым-жартылай кыналган же түз силуэтте болушу мүмкүн.

Жилет классикалык түрдө бычылып, шымдын же пиджактын өңүндө же чакмак түрдө болот.

Пиджактын жана жилеттин топчулары костюмдун/жилеттин өңүндө болуп, жөнөкөйлүгү менен айырмаланууга тийиш.

Шым түз бычылат, бирок багалек жагы бир аз ичкеришине жол берилет. Көйнөк кебез кездемеден, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч.

Мектеп формасынын комплектисине мектеп формасынын негизги өңүнө ылайык же анын өңүнө контрасттуу түстөгү классикалык формадагы галстук киргизилиши мүмкүн.

Эркек балдар үчүн мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.

Бирдиктүү жана токтоо форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымдын алдын алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар