Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Апрель 2026 ж. 10:16
Көрүлдү: 156
Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул тапта Түркия Республикасынын .Стамбул шаарында өтүп жаткан “Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндары” эл аралык фестивалына катышууда.
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Түндүк Кипр жана Азербайжандан балдар катышып, ар өлкөнүн балдар жана мугалимдери өз оюндарын көрсөтүүдө.
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Түндүк Кипр жана Азербайжандан балдар катышып, ар өлкөнүн балдар жана мугалимдери өз оюндарын көрсөтүүдө
Кыргызстандан барган окуучулар жана мугалимдер улуттук оюндарды кеңири тааныштырып, алардын тарыхы жана тарбиялык мааниси тууралуу маалымат берип, “Боз үй куруу”, “Чүкө оюндары”, “Төө ашуу-Долон”, “Тогуз коргоол”, “Ак терек, көк терек” сыяктуу салттуу оюндарды көрсөтүштү.
Фестивалдын алкагында балдар ар түрдүү элдердин маданияты, каада-салты жана оюн-зооктору менен жакындан таанышса, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Фестиваль түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого, жаш муунду биримдикке жана өз ара урмат-сыйга тарбиялоого максатталган.
Белгилей кетсек, кыргызтандык делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият усулдук борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун, ошондой эле Бишкек жана Нарын шаарларындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү кирген.