Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Апрель 2026 ж. 9:54
Көрүлдү: 264
Ушул убактылуу Жобо “Күндөлүк” автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – “Күндөлүк” АМС) иштөөсүнүн укуктук, уюштуруучулук жана техникалык негиздерин аныктайт жана Мамлекеттик предметтик стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ушул убактылуу Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү жана санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу боюнча мыйзамдарын жетекчиликке алат.
“Күндөлүк” АМС – бул интеграцияланган маалыматтык система болуп, окуу процессин пландаштырууну, окуудагы жетишүүсү электрондук журналдарын, электрондук күндөлүктөрдү жана окуучулардын өздүк делолорун автоматтык түрдө эсепке алууну камсыз кылат.
Ушул убактылуу Жобо “Күндөлүк” АМСтин ишинин максаттарын жана милдеттерин, түзүмүн аныктайт, ошондой эле аталган система менен иштешкен колдонуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.
“Күндөлүк” АМСтин ээси жана сактоочусу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Күндөлүк” АМСтин жалпы жетекчилигин жүргүзөт, колдонуу тартибин белгилейт жана анын өнүгүүсү, модернизациясы боюнча чечимдерди кабыл алат.
↓