МИНИСТРЛИКТИН ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

28 Апрель 2026 ж. 15:36

Көрүлдү: 754

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги №521/1 буйругуна ылайык “Ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону” бекитти.

post.title

Жобого ылайык, ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасында (АИС «Мугалим») маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

Сыйлыкка талапкерлерди эсепке алуу, маалыматтарды иштеп чыгуу жана талапкерлердин тизмесин түзүү толугу менен маалыматтык система аркылуу автоматтык түрдө ишке ашырылат.

Министрликтин ведомстволук сыйлыктары төмөнкүлөр:

  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Грамотасы;
  • “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
  • “Мыкты кызматкер” төш белгиси;
  • “Кызматташтык салымы үчүн” медалы.

Ведомстволук сыйлыктар жылына эки жолу ыйгарылат:

  • Акыркы коңгуроо иш-чарасына карата;
  • 5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата.

Ошондой эле сыйлыкка талапкер болгон адам мурда ыйгарылган сыйлыктар жөнүндө маалыматтарды АИС «Мугалим» системасындагы портфолиосунда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.

Жобо менен толук таанышуу үчүн - pdf

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар