КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

28 Апрель 2026 ж. 12:31

Көрүлдү: 331

2026-жылдын 28-апрелинде Республикалык илимий-методикалык борбордо Борбор Азиядагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун ачылышы жана кытайлык өнөктөштөр тарабынан заманбап техникалык жабдууларды өткөрүп берүү аземи өттү. Иш-чара буга чейин түзүлгөн Меморандумдун практикалык уландысы болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

post.title

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев жана онлайн форматтагы жолугушууга эки өлкөнүн кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жабдууларды Ухань шаарынын тышкы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча борбордук тобунун Борбордук Азия боюнча чет өлкөлүк бизнес бөлүмүнүн директору Хао Чжоу тапшырды.

Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, кызматташуунун бул форматы тармакты модернизациялоодо натыйжалуу инструмент экенин баса белгиледи.

Жаңы жабдуулар окуу процессин жакшыртууга шарт түзүп, сапаттуу видеоконтент даярдоого, онлайн-лекциялар менен эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жана заманбап мультимедиялык ыкмаларды кеңири колдонууга мүмкүндүк берет.

Иш-чарада кесиптик лицейлердин жетекчилери демилгени колдоп, анын практикалык маанисин белгилешти. Ошондой эле меморандумду ишке ашыруу билим берүү системасын трансформациялоого өбөлгө түзөрү айтылып, мындан аркы кызматташуунун планы макулдашылды. Аймактарды өнүктүрүү алкагында Ысык-Көл облусундагы билим берүү мекемелери менен таанышуу жүргүзүлүп, туризм тармагында 10дон ашык адистик боюнча кадр даярдоону күчөтүү каралууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар