МУГАЛИМДЕР ЖОГОРУЛАТЫЛГАН ЭМГЕК АКЫ АЛЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

25 Апрель 2026 ж. 15:01

Көрүлдү: 939

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларга материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 286 токтому кабыл алынды.

post.title

Токтомго ылайык, педагогикалык кызматкерлердин жогорулатылган эмгек акысы өз убагында берилет.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери Кыргызстандын региондоруна жөнөтүлүп, жер-жерлерде эмгек акынын өз убагында каржыланышын көзөмөлдөшөт. 2026-жылдын 28–29–30-апрель күндөрү эмгек акыны банктык карточкаларга которуу иштери башталат.

Ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда 2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде маалымат жыйын өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар