Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Апрель 2026 ж. 11:42
Көрүлдү: 597
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин (РЭС-2026) алкагында тегерек столго катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн тармактык министрликтеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Балдар, жаштар жана климат маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги тегерек столдун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү шартында туруктуу билим берүү системаларын өнүктүрүүгө багытталган «Жашыл мектептер» регионалдык платформасы сунушталды.
Лира Самыкбаева өз сөзүндө заманбап климаттык чакырыктар билим берүү системасын өзгөртүүнү талап кыларын, анда туруктуу өнүгүүнүн баалуулуктарын жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу негизги орунду ээлеши керектигин белгиледи. Ал Кыргызстанда бул багыттагы иштер «Алтын Казык» билим берүү реформасынын алкагында ишке ашырылып жатканын, анда 12 жылдык окутуу моделине өткөнүн жана компетенттүүлүккө негизделген ыкманы киргизүү каралганын айтты.
Өзгөчө көңүл климатка туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду. Жаңыртылган улуттук деңгээлде аныкталган салымга (ОНУВ 3.0) ылайык, Кыргызстан 1400дөн кем эмес социалдык инфраструктура объекттерин, анын ичинде мектептерди жана бала бакчаларды модернизациялоону пландап жатат. Бул 1,8 миллион бала жана жаштар үчүн коопсуз жана экологиялык таза билим берүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берет.
Регионалдык экологиялык саммит климаттык чакырыктар боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана Борбор Азияда мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.