Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2026 ж. 14:28
Көрүлдү: 443
2026-жылдын 22–23-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен «Түндүк» ачык акционердик коомунун Санариптик билим берүү департаментинин демилгеси менен түштүк аймактагы 50 кесиптик лицейдин өкүлдөрүнө арналган методикалык окутуу семинары өткөрүлүүдө.
Семинардын жүрүшүндө министрликтин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу иш алып баруу боюнча презентация жасап, Санариптик билим берүү департаментинин кызматкери Улук Урматбеков катышуучуларга маалыматтык системага кесиптик лицейлерди каттоо иштерин жүргүзүүдө практикалык жардам көрсөтүүдө.
Окутуунун эки күндүк программасынын алкагында ар бир катышуучу өзүнө тиешелүү лицей тууралуу маалыматтарды система аркылуу толук жана так киргизүү тапшырмасын аткарат.
Бул өз кезегинде лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ыкчам жүргүзүүгө жана анын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, семинардын алкагында ченемдик-укуктук актылар, билим берүү уюмдары үчүн лицензия алуунун милдеттүүлүгү, лицензиясыз иш жүргүзүүнүн мыйзамга каршы келери жана аккредитациянын мааниси боюнча да кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө. Ошондой эле текшерүүлөргө киргизилген мораторий учурунда кесиптик лицейлер тарабынан лицензиялык талаптардын так сакталуусу шарт экендиги айтылды.