Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2026 ж. 11:44
Көрүлдү: 466
2026-жылдын 21-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева жана «Түндүк» ААКнын Билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев Алматы шаарында өтүп жаткан билим берүүдө жасалма интеллект боюнча эл аралык саммитке («AI for Education») катышууда.
Саммит мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, билим берүү процессине жасалма интеллектти киргизүү жана санариптик компетенцияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоого багытталган.
Белгилей кетсек, Агартуу министрлиги мугалимдерди аттестациялоону санариптештирүү жана жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) санарип форматка өткөрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштады.
Өз сөзүндө Лира Самыкбаева технологияларды коопсуз жана этикалык колдонуу, окуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жана жасалма интеллектке негизделген чечимдерди киргизүүдө адамга багытталган ыкманын маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш сапардын алкагында делегация Алматы шаарындагы регионалдык тестирлөө борборуна да барып, баалоо процесстеринде колдонулган санариптик чечимдер, анын ичинде прокторинг системалары менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө борбордун өкүлдөрү тестирлөөнү өткөрүү инфраструктурасын, заманбап компьютердик класстарды, инсанды аныктоо жана экзамен тапшыруу процессин көзөмөлдөө системаларын, ошондой эле жыйынтыктарды иштетүү үчүн аналитикалык куралдарды тааныштырышты.
Тараптар билимди баалоо системасын өркүндөтүү жана билим берүүнү санариптештирүү багытындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.