ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕР БОЮНЧА КЫРГЫЗ-ТҮРК КЫЗМАТТАШТЫГЫ КҮЧӨТҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Апрель 2026 ж. 16:02

Көрүлдү: 117

Бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк дүйнөсүнүн муниципалдык бирлигинин башкы катчысы Фахри Солак менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча жумушчу кесиптер боюнча адистерди даярдоо, өндүрүш менен айкалышкан билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.

Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө Түркияда адистерди даярдоо системасы жакшы жолго коюлганын белгилеп, бул багытта кыргыз тарап тажрыйба алууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле ал азыркы ачык дүйнө шартында билим берүү тармагындагы байланыштарды күчөтүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу кесиптер багытында кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле агартуу министри Фахри Солакка билим берүү тармагына кошкон салымы, ар тараптуу кызматташтыгы жана жигердүү ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар