АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ МЕНЕН ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Апрель 2026 ж. 15:38

Көрүлдү: 68

2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын жетекчиси Норман Ларок, анын орун басары Максат Абдыкапаров ошондой эле Кыргызстандагы АӨБ өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча адиси Бактыгүл Өмүрзакова менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын модернизациялоого багытталган долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Д. Кендирбаева Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында профилдик багытты өнүктүрүү иштери улантылып жатканын жана билим берүү системасын трансформациялоодо артыкчылыктуу багыттар аныкталганын белгиледи.

– Дүйнөлүк стандарттарга интеграцияланган, жаңы муундагы адаптацияланган жана колдонууга ыңгайлуу стандарттарды иштеп чыгуу зарыл. Туристтик тармак үчүн кадрларды даярдоо азыркы учурда өзгөчө актуалдуу экенин эске алуу менен сервистик кызмат көрсөтүү багыты боюнча кесиптик лицейлерди трансформациялоо маанилүү, - деди министр.

Жолугушууда туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүү шартында, айрыкча кышкы туризм тармагында туристтик сервистин квалификациялуу кадрларына болгон муктаждык өсүп жатканы белгиленди. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда адистештирилген мектеп-комплексин түзүү эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого мүмкүндүк берери айтылды.

Министрдин айтымында, курула турган билим берүү уюмдары инновациялык жана көп функционалдуу инфраструктурасы бар жаңы муундагы окуу жайлар болушу керек.

Өз кезегинде Норман Ларок АӨБ Кыргызстандагы билим берүү тармагын колдоо боюнча долбоорлорду ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашырууга мындан ары да колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө заманбап кесиптик лицейлерди куруу үчүн белгиленген критерийлердин негизинде Кыргызстандын аймагында жети кесиптик лицей тандалып алынган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар