БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Апрель 2026 ж. 15:15

Көрүлдү: 181

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

post.title

Кабыл алынган документтин максаты – мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө, санариптик технологияларды киргизүү жолу менен конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, бош кызмат орундарына ыкчам дайындоо үчүн башкаруучу кадрлардын туруктуу резервин түзүү. 

Ага ылайык, өлкөнүн мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул маалымат менен шилтеме аркылуу толук таанышууга болот https://www.gov.kg/ky/npa/s/4795 . 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар