Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Апрель 2026 ж. 15:50
Көрүлдү: 109
Бүгүн, 20-апрелде Агартуу министрлигинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Дүйнөлүк банктын билим берүү командасынын тең жетекчиси Саурав Дев Бхатта, билим берүү боюнча башкы адис Гүлмира Султанова, ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Келечек үчүн билим берүү» (LFFP) долбоорун жыйынтыктоо маселелери, кошумча каржылоонун абалы (AF), «Окутуунун негиздерин бекемдөө» (EFLP) долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктары, ошондой эле фидуциардык, социалдык жана экологиялык көзөмөл механизмдери талкууланды.
Ишке ашырылып жаткан долбоорлор билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуучулардын заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана окутуу системасын бекемдөөгө багытталгандыгы белгиленди. Долбоорлордун алкагында Дүйнөлүк банк каржылык колдоо, техникалык жардам көрсөтүү жана эл аралык тажрыйбаларды киргизүү аркылуу колдоо көрсөтүп, ошондой эле билим берүү тармагындагы башкарууну, мониторингди жана натыйжаларды баалоону жакшыртууга көмөктөшүүдө.