Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Апрель 2026 ж. 12:34
Көрүлдү: 199
Урматтуу ата-энелер! Балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы уланып жатканын эскертебиз.
Бул этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
Учурда “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.
Андыктан, урматтуу ата-энелер, балаңызды мектепке каттоону өз убагында жүргүзүүгө чакырабыз.