Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Апрель 2026 ж. 12:03
Көрүлдү: 56
Бүгүн, 18-апрелде, Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын жана министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта жолунун МАИ постунан жүк ташуучу унаалардын салмак пунктуна чейин тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Аталган ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.