БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЧАТКАЛГА БАРДЫ

Автор: Борбордук аппарат

21 Май 2022 ж. 13:04

Көрүлдү: 864

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды.

post.title

Министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.

Сапардын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.

Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, окуучулар сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.

Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган. Билим берүү мекеменин экинчи, жарактуу корпусунда уланууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар