1-КЛАССТАР ҮЧҮН «АЛИППЕ» ОКУУ КИТЕПТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

17 Апрель 2026 ж. 16:14

Көрүлдү: 123

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү 1-класстар үчүн даярдалган «Алиппе» окуу китептерин кабыл алышты.

post.title

Окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында басылып чыгып, жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган.

Жалпы 90380 нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыгып, өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына таратылат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар