“WORLDSKILLS KYRGYZSTAN 2026” ҮЧҮНЧҮ УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

17 Апрель 2026 ж. 13:41

Көрүлдү: 171

Бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарында «WorldSkills Kyrgyzstan 2026» жумушчу кесиптер боюнча үчүнчү Улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү.

post.title

Иш-чарага Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фондунун негиздөөчүсү Куван Жусуев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, ошондой эле өнөктөштөр, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана окуучулар катышты.

Министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев «WorldSkills Kyrgyzstan» чемпионаты жөн гана мелдеш эмес, ал жумушчу кесиптердин аброюн көтөрүүгө жана жаштарга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жол ачкан маанилүү кесиптик таймаш экенин белгиледи.

Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Кыргызстандын WorldSkills International уюмуна кошулуусу кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, дүйнөлүк ареналарда өлкө намысын коргоого шарт түзөрүн билдирди.

Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен 23 окуучу улуттук турда “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча таймашышты.

🔧 “Ширетүү технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Турсунбек Асанбаев, Ысык-Көл облусундагы №22 кесиптик лицейи;

II орун – Эсен Максутов, Ош облусундагы №62 кесиптик лицейи;

III орун – Ярослав Черненко, Бишкек шаарындагы №27 кесиптик лицейи.

🍳 “Ашпозчулук технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Дария Асанова, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи;

II орун – Нурайым Муратова, Ысык-Көл облусундагы №22 кесиптик лицейи;

III орун – Зарина Идизова, Чүй облусундагы №47 кесиптик лицейи.

👗 “Мода технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Ханифа Сыргакова, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи;

II орун – Раяна Койчугулова, Талас облусундагы №110 кесиптик лицейи;

III орун – Наима Мадьюн, Чүй облусундагы №56 кесиптик лицейи.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жеңүүчүлөрүнөн Кыргыз Республикасынын курама командасы түзүлөт. Алар 2026-жылдын 22–27-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар