КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ҮЧҮН ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Апрель 2026 ж. 14:32

Көрүлдү: 286

2026-жылдын 16–17-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана «Түндүк» ачык акционердик коомунун Санариптик билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси менен өлкөдөгү 50 кесиптик лицейдин өкүлдөрү үчүн методикалык окутуу семинары өтүүдө.

post.title

Иш-чараны министрдин орун басары Альберт Махметкулов ачып, бул методикалык окутуу семинары билим берүү системасындагы лицензиялоонун актуалдуу маселелери боюнча маалымат берүү жана практикалык ишмердүүлүктү методикалык жактан колдоо максатын көздөөрүн белгиледи.

“Семинар кесиптик башталгыч билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат”, - деди А. Махметкулов.

Министрдин орун басары кесиптик лицейлердин өкүлдөрү тарабынан берилген актуалдуу суроолорго жооп берди.

Окутуунун жүрүшүндө министрликтин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштөө боюнча презентация жасады. Ал эми Санариптик билим берүү департаментинин кызматкери Улук Урматбеков катышуучуларга маалыматтык системага кесиптик лицейлерди каттоо боюнча иш жүзүндө колдоо көрсөтүүдө.

Эки күндүн ичинде ар бир катышуучу өзүнө тиешелүү лицей боюнча маалыматтарды системага толук жана так киргизүү милдетин аткарат. Бул кадам лицензиялоо процесстерин жөнөкөйлөтүүгө, ыкчамдатууга жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, семинардын алкагында ченемдик-укуктук актылар, билим берүү уюмдары үчүн лицензия алуунун милдеттүүлүгү, лицензиясыз иш жүргүзүүнүн мыйзамсыздыгы жана аккредитациянын мааниси боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилет.

Мындай окутуу семинары 2026-жылдын 22–23-апрелинде Ош шаарында түштүк региондо жайгашкан кесиптик лицейлер үчүн да өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар