ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ - БАЛА БАКЧА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Апрель 2026 ж. 14:35

Көрүлдү: 256

Бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарындагы №14 “Баластан” бала бакчасында “Уңгу жол - биздин келечек” аттуу маданий иш-чарасы өттү.

post.title

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өткөрүлүүдө.

Ага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин жана Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Программанын жүрүшүндө тарбиялануучулар ата-энелери менен биргеликте улуттук ыр-бийлерди аткарышты. Ошондой эле улак тартыш оюну көрсөтүлүп, этностилдеги кийимдердин көргөзмө-парады тартууланды.

Мындан тышкары, кыргыз элинин бешикке салуу, кийиз басуу, камчы өрүү, ээр-токум жасоо, тушоо кесүү, чий өрүү жана шырдак жөрмөө каада-салттары көрсөтүлдү.

Өз сөзүндө Нурзида Касымова мындай демилгелердин маанисине токтолуп, ата-энелердин активдүү катышуусу балдардын өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, бала бакча менен үй-бүлөнүн тыгыз кызматташуусу тарбиянын сапатын жогорулатат.

Мындай маданий иш-чаралар бөбөктөрдү улуттук каада-салттарга үйрөтүүгө жана алардын аң-сезиминде мекенчилдик сезимди калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар