Ысык-Көлдө «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форуму өтүп жатат

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

28 Апрель 2022 ж. 17:27

Көрүлдү: 1666

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясы Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун жаштар форумун өткөрүүдө. Форум 26-апрелде башталган.

post.title

Форум 25 жылдан бери Кыргыз Республикасынын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн дагы ары таланттуу, жөндөмдүү балдарынын башын бириктирип келет. Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулардын делегациясы, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери, өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстандык балдарга Казакстан, Украина, Россия, Өзбекстандан келген жаш техниктер менен ойлоп табуучулар атаандаштык жаратышууда.

Форумга катышуу үчүн 200дөн ашуун изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер сунушталган. Алар төмөнкү номинациялар боюнча жакталат:

  • «Жаӊы теориялык иштелмелер жана моделдер»;
  • «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;
  • «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»;
  • «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»;
  • «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»;
  • «Дубалга илинүүчү моделдер»;
  • «Окуучулардын астрономиялык турнири».

Форумдун катышуучуларынын ишин компетенттүү калыстар тобу баалайт, анын курамына Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын мүчө-корреспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, академиктер жана Кыргызстандын алдыӊкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы кирген.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар, дипломдор, баалуу байгелер, белектер менен сыйланышат. Ал эми эң татыктуулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А. Арапбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын стипендианты болушат, ошондой эле аларга «Жаш академик» наамы ыйгарылат.

«Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» жаштар форуму – чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар дүйнөсүнө берилген уникалдуу жолдомо эле эмес, өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга берилген эӊ сонун мүмкүнчүлүк!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар