Балдар жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери 1-майдан 10-майга чейин эс алышат

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

27 Апрель 2022 ж. 12:52

Көрүлдү: 1337

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.

post.title

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 2022-жылдын 4-майында өтүлүүчү сабактар 2022-жылдын 30-апрелинде, 2022-жылдын 6-майындагы сабактар – 2022-жылдын 14-майында өтүлөт.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар