Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

9 Апрель 2022 ж. 20:21

Көрүлдү: 22168

Мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.

post.title

КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

 

Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:

 

1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?

  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:

  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

3. Бала тууралуу маалыматтар:

  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.

 

4. Мектепти тандоо:

 

Биринчи этап боюнча:

  • Каалаган окутуу тили;
  • Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.

 

Экинчи этап боюнча:

  • Каалаган окутуу тили;
  • Областы/шаары;
  • Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.

 

5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:

  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
  • Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар