МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНДА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Май 2025 ж. 18:45

Көрүлдү: 899

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Лондондо (Улуу Британия) өтүп жаткан Эл аралык билим берүү форумунун (EWF 2025) алкагында 21-майда «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн кандай стратегияларын жана демилгелерин колдонууга мүмкүн? Билим берүү жана туруктуу өнүгүү бириккен учурда кандай кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатат?» аталышындагы сессияда баяндама жасады.

post.title

Министр айлана-чөйрөнү коргоодо, аны жайылтууда жана туруктуу келечекке жоопкерчиликтүү мамиле түзүү контекстинде билим берүү маанилүү роль аткарарын белгиледи. “Туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо айрыкча жаштарды «жашыл» экономикага даярдоо, ошондой эле туруктуулукту билим берүү программаларына, мугалимдердин методикасына жана башкаруу принциптерине интеграциялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу абзел”, – деди ал.

Министр Кыргыз Республикасында билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, мектептерде экологиялык билимди тереңдетүү, жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү жана инклюзивдүү жана туруктуу окутуу ыкмаларын колдоо жана жайылтуу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. 

Д. Кендирбаева эл аралык кызматташтыкты жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу маанилүү экендигин, баары үчүн туруктуу келечекти түзүү максатында биргелешип иштөө зарыл экендигин белгилөө менен сөзүн жыйынтыктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар