Д. КЕНДИРБАЕВА 21-ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНУН АЛКАГЫНДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КЕСИПТЕШТЕРИ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Май 2025 ж. 14:58

Көрүлдү: 254

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ушул жылдын 18-майынан бери Лондон шаарында өтүп жаткан 21-дүйнөлүк билим берүү форумунун (EWF 2025) алкагында Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Эстония, Азербайжан, Сингапур республикаларынын жана Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун, ошондой эле башка мамлекеттердин билим берүү министрлери, алдыңкы билим берүү уюмдарынын жана билим берүү тармагында иш алып барган бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

post.title

Жолугушууларда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба жана алдынкы практикаларды алмашуу, ошондой эле билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар