Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
21 Май 2025 ж. 11:46
Көрүлдү: 274
Ушул тапта Казакстандын Алматы шаарында билим берүү боюнча регионалдык семинар өтүп жатат. Семинардын максаты билим берүү жаатындагы стейкхолдерлердин: мугалимдердин, практиктердин жана билим берүү саясаты боюнча чечим кабыл алуучулардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
Семинар ЮНЕСКОнун Эл аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү боюнча Азия-Тынч океан борборунун (APCEIU ЮНЕСКО) жана Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун Регионалдык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган.
Семинарга Кыргызстан, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү, билим берүү саясаты боюнча чечим кабыл алуучу адистер, окуу программалары боюнча эксперттер, тренерлер, практиктер жана мугалимдер катышууда.
Катышуучулар коомчулуктун жана коомдун туруктуулугун бекемдөөгө багытталган окутуу жана билим берүү аркылуу колдонулуучу стратегиялар жана куралдар менен тааныштырылууда. Бул келечекте адилеттүү, инклюзивдүү жана тынч коомду курууга өбөлгө түзөт.