Д. КЕНДИРБАЕВА ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ УЮМУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Май 2025 ж. 11:27

Көрүлдү: 275

Ушул жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Ислам дүйнөсү уюмунун (ИСЕСКО) өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Бул уюм ИСЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты сактоо максатында ушул өлкөлөрдө билим берүүнү, илимди, маданиятты жана коммуникацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү адистештирилген түзүм болуп саналат.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде STEAM багыттарын өнүктүрүү, билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү маселелерин жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларын талкуулашты.

Жолугушууда ИСЕСКОго мүчө ар түрдүү уюмдардын ортосунда алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга жана билим берүү чөйрөсүн модернизациялоого багытталган демилгелерди жана катышуучулардын долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар