Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
21 Май 2025 ж. 10:41
Көрүлдү: 280
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, өлкөнүн алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын бири болуп саналган И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) жана курулуш материалдарын өндүрүү боюнча алдынкы британиялык компания — United Concrete Canvas Ltd — инженердик билим берүү, илимий изилдөөлөр жана колдонмо технологиялар жаатында өз ара пайдалуу кызматташуу тууралуу алкактык макулдашууга кол коюшту.
Макулдашуунун негизги максаты – инженердик адистерди даярдоо, билим берүү программаларын өнүктүрүү жана эл аралык илимий кызматташууну кеңейтүү үчүн академия менен өнөр жайдын туруктуу байланыш платформасын түзүү.
Кызматташуунун негизги багыттары:
- Инженердик-техникалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- академиялык жана колдонмо программаларды, анын ичинде курстарды, тренингдерди жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын биргелешип иштеп чыгуу;
- КМТУнун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик багыт алышына көмөк көрсөтүү;
- United Concrete Canvas компаниясынын базасында И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери жана окутуучулары үчүн стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
- Улуу Британиянын, айрыкча Кардифф университети менен академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү.
Кызматташуунун формалары:
- Инженердик технологиялар жаатында билим берүү курстарын түзүү боюнча кеңештерди өткөрүү;
- Биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
- Таанышуу сапарларын, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- Улуу Британиядагы өнөктөш уюмдар менен академиялык мобилдүүлүккө көмөк көрсөтүү жана институционалдык байланыштарды түзүү.