ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ЖАНА АГАРТУУ МИНИСТРИ СОКУЛУК РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Май 2025 ж. 19:36

Көрүлдү: 1148

Бүгүн, 16-майда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин депутаты Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты.

post.title

 

Иш сапарынын алкагында алар райондогу жалпы билим берүү уюмдарына барып, педагогикалык жамааттар менен жолугушту.

Жолугушууда министр Д. Кендирбаева “Алтын Казык” программасы боюнча кеңири кеп кылып, программанын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан иштерге, алдыдагы өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга токтолуп өттү.

Жолугушууларда бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Фрунзе мектебинин мугалимдери жетекчилерден жана эл өкүлдөрүнөн аталган мектепте спорт зал, жыйын зал жетишсиз болу жатканын айтып, ушул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Жолугушууга катышкан Финансы министрлигинин кызматкери Дастан Жедигеров аталган мектепке спорт залдын жана жыйын залдын курулушу кийинки жылы курула турган объекттердин тизмесине киргизилерин билдирди. 

Министр Д. Кендирбаева Сокулук айылындагы мурдагы институттун жатаканасы болгон имарат азыркы учурда кароосуз калганын, аны башталгыч класстар үчүн мектепке айлантуу мүмкүнчүлүктөрү караларын айтты.

Фрунзе мектебинин мугалимдери жеке менчик турак жайы жок мугалимдердин көйгөйлүү маселесин да көтөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу мугалимдердин үйлүү болушуна көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. 

Райондогу Комсомол мектебинде өткөн жолугушууда да мугалимдер тарабынан мектепке кошумча имарат куруу маселеси көтөрүлдү. Ал эми жергиликтүү тургундар ушул эле айылдагы мурда жеке менчикке өтүп кеткен, кийинчерээк  мамлекетке кайтарылган “Чебурашка” бала бакчасын оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгарууну суранышты. Министр бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери сөзсүз аяктап, балдар бакчага кайтышы керектигин белгиледи.

Сокулуктагы Жаңы-Жер орто мектебинин жетекчилиги да мектептин жыйын залы оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирди.

Өз кезегинде эл өкүлү Аманкан Кенжебаев мугалимдерди балдарга татыктуу билим берип, мамлекеттин өнүгүүсүнө бирге салым кошууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар