Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Май 2025 ж. 16:32
Көрүлдү: 1174
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарында 2025-жылдын 12-майында өтүп жаткан «Кытай – Борбордук Азия» мамлекеттеринин билим берүү министрлеринин биринчи жыйынына катышууда.
Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү катышууда. Жыйындын негизги максаты — билим берүү тармагында аймактык кызматташууну өнүктүрүү, академиялык алмашууларды кеңейтүү жана биргелешкен билим берүү демилгелерин илгерилетүү.
Жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, Борбордук Азия менен Кытайдын ортосунда билим берүү диалогун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдерди даярдоо жана илимий-изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Иш-чаранын жыйынтыгында төмөнкү негизги документтер кабыл алынды:
«Кытай – Борбордук Азия» билим берүү министрлеринин жыйынынын Иштөө уставы;
«Кытай – Борбордук Азия» билим берүү министрлеринин жыйынынын Урумчи декларациясы.
Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди, анын ичинде:
«Кытай – Борбордук Азия» билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоо альянсын түзүү;
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча Глобалдык институтту — Борбор Азиялык кайра даярдоо институтун түзүү;
Биргелешкен объекттердин салтанаттуу ачылышы болду, анын ичинде:
Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана дарыялар менен көлдөрдүн экологиялык саламаттыгы боюнча эл аралык лаборатория;
Айыл чарба өсүмдүктөрүн биоселекциялоо боюнча эл аралык кызматташуу лабораториясы;
Энергетика жана электр энергиясы тармагында Кытай менен Борбордук Азиянын инновациялык альянсы;
Окуу жайлар жана министрликтер ортосундагы бир катар документтерге кол коюу, анын ичинде:
Пекин чет тилдер университети менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
«Жибек жолу» долбоорунун алкагында жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептерин биргелешип иштеп чыгуу боюнча меморандум;
Кытай менен Кыргызстандын университеттери жана ишканаларынын негизинде инженерлерди даярдоочу биргелешкен институт түзүү боюнча келишим.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү жана илимий-инновациялык жетишкендиктерди интеграциялоо боюнча туруктуу иштеп туруучу платформаны түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Билим берүү жаатындагы глобалдык чакырыктар жана аларды жаңы технологиялар, илимий ачылыштар жана жасалма интеллект аркылуу чечүүнүн жолдору талкууланды.
Бул жыйын аймактык билим берүү кызматташтыгын чыңдоо жана студенттер, окутуучулар менен изилдөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытында маанилүү кадам болду.