“ЖАҢЫ МУУН БИЛИМ БЕРҮҮ – 2025” ДОЛБООРУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ЖАНА АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Апрель 2025 ж. 16:44

Көрүлдү: 1930

2025-жылдын 29-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Жаңы муун билим берүү – 2025" (Next Generation Education) долбоорунун расмий ачылыш аземи өттү.

post.title

Бул долбоор англис тилин билүү деңгээлин жогорулатууга жана STEM билим берүү багытында инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашырууга багытталган.

2025-жылдын март айынан декабрь айынын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймактарынан 1200дөн ашык англис тили жана табигый илимдер мугалимдери англис тили боюнча өз көндүмдөрүн өнүктүрүп, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Ачылыш аземи гибриддик форматта өтүп, өлкө аймактарынан 500дөн ашык катышуучу онлайн, ал эми Бишкек шаарынан 100гө жакын мугалим офлайн режиминде катышты. Ошондой эле, 96 сааттык программа өткөрүлүүчү мектептердин директорлору жана өкүлдөрү да иш-чарага катышышты. Алардын катарында №5, №67, №68, №69 гимназиялары, Музыкалык-педагогикалык институт, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети бар.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” Басма үйүнүн директору Айнура Чокморова иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, бул долбоор заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берген билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал билдиргендей, англис тилин билүү, аналитикалык ой жүгүртүү, маселелерди чечүү, программалоо жана инженердик көндүмдөр бүгүнкү күндө жумушка орношууда, инновация жана технология тармагында өзгөчө талап кылынууда.

А. Чокморова долбоорду ишке ашырууда жигердүү колдоо көрсөткөнү үчүн АКШнын Элчилигине жана "Лингва" коомдук фондуна ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында англис тили мугалимдери жана университеттердин окутуучулары арасында өткөрүлгөн Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да болуп өттү. Сыйлыктарды жана сертификаттарды АКШнын Элчилигинин маданий жана билим берүү программалары боюнча атташеси Джеффри Бантинг жана "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Айнура Чокморова тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар