Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 16:17
Көрүлдү: 2434
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 2025-жылдын 18-майынан 24-майына чейин өткөрүлөт.
ЖРТ төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
I этап – 2025-жылдын 18, 19, 20-майы (17-май — тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап – 2025-жылдын 22, 23, 24-майы (21-май — тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап – 2025-жылдын 20, 21, 22-июну (19-июнь — тест борборлорун даярдоо күнү).
Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү каралган:
2025-жылдын 17-майы;
2025-жылдын 21-майы;
2025-жылдын 19-июну.