Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 14:19
Көрүлдү: 1853
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт: Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Япония Өкмөтүнүн 2026-жылдагы MEXT программасынын алкагында “Изилдөөчү стажёр” (Research Students) багыты боюнча документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады.
Бул программа Япониянын жогорку окуу жайларында билим алууга жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Программа боюнча кеңири маалымат, арыз тапшыруу боюнча көрсөтмөлөр жана анкета формалары төмөнкү даректерде жеткиликтүү:
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде жана расмий сайтта: https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 13-июну, жума күнү, саат 17:00гө чейин.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган документтер каралбайт.
Документтер төмөнкү дарекке тапшырылышы керек: Япония Элчилигинин маданият жана маалымат бөлүмү,
Бишкек ш., Ташкент көч., 35/1.
Байланыш үчүн: Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданият жана маалымат бөлүмү
Тел.: (0312) 375515 / 375516, Email: culture-japan@be.mofa.go.jp