Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 14:16
Көрүлдү: 1860
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Документтин максаты – Академиянын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле коомчулукта анын аброюн бекемдөө болуп саналат.
Жаңы мыйзамга ылайык, Улуттук илимдер академиясы (УИА) юридикалык жак статусуна ээ болгон жогорку мамлекеттик илимий мекеме макамын алат. Анын негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
Академиянын президенти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин карамагында болот.
Улуттук илимдер академиясы илимий изилдөөлөрдү координациялайт, программаларды жана долбоорлорду экспертизалоого катышат, мамлекеттик органдарга кеңеш берет, изилдөөлөрдүн натыйжаларын көзөмөлдөйт жана илимдин абалы жөнүндө жыл сайын отчет даярдайт.