Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 13:05
Көрүлдү: 1770
2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда балдарды сергек жашоо образын калыптандыруу жана “Ата-энелер мектеби” программасын илгерилетүүгө арналган симпозиум болуп өттү.
Симпозиумда Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбиялык иштер боюнча секторунун жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков баяндама жасап, төмөнкүдөй маанилүү маселелерди баса белгиледи:
“Акыркы мезгилде Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө да өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук өсүп жатат. Ошондуктан балдардын туура тарбия алышын камсыздоо жана билим берүү уюмдарында коопсуз чөйрө түзүү — министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул иште коомдун биргелешкен аракети абдан маанилүү. Мугалимдер, ата-энелер жана балдар ортосундагы тыгыз байланыш — ийгиликтин негизги фактору. Ушул максатта министрлик тарабынан “Ата-энелер мектеби” программасы иштелип чыгып, 2023-жылдын 28-августунда №4956/1 буйруктун негизинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына киргизилген”.
“Ата-энелер мектеби” программасынын негизги максаттары:
ата-энелерге баштапкы педагогикалык билим берүү;
билим берүү мекемелери менен ата-энелердин өз ара байланышын чыңдоо;
балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша психология илимине негизделген түшүндүрмөлөрдү берүү;
баланын инсан катары калыптаныш процессинин өзгөчөлүктөрүн ата-энелерге жеткирүү;
үй-бүлө тарбиясынын мазмунун жана формаларын түшүндүрүү;
ата-энелердин бала тарбиялоодогу милдеттери жана укуктары тууралуу маалымат берүү;
ата-эненин коомдогу жана билим берүү мекемелериндеги ордун так көрсөтүү;
үй-бүлө институтунун коомдук жана социалдык мекемелер менен болгон байланышын түшүндүрүү.
Балдар — Кыргызстандын эң баалуу байлыгы. Алардын ден соолугун жана жашоо коопсуздугун камсыз кылуу ар бир жарандын жарандык парзы.
Ушуга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги жана башка өнөктөш уюмдар менен биргеликте тыгыз кызматташып иш алып барууну өзүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кароодо.