Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 12:29
Көрүлдү: 1984
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 2026-жылга карата Япония өкмөтүнүн төмөнкү MEXT программаларына документтерди кабыл алуу башталганын маалымдайт:
- «Студент – бакалавр» (Undergraduate students),
- «Техникалык колледждин студенти» (College of Technology (KOSEN) students),
- «Кесиптик окуу колледжддин студенти» (Specialized Training College students),
Программалар тууралуу кененирээк маалыматты, көрсөтмөлөрдү жана анкета формаларын Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен же расмий сайттан алууга болот:
https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 20-июну, жума күнү, саат 17:00гө чейин.
Эскертүү: Көрсөтүлгөн убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт.
Документтерди төмөнкү дарекке тапшыруу керек:
Япония элчилигинин маданият жана маалымат бөлүмү, Бишкек шаары, Ташкент көчөсү 35/1.
Байланыш үчүн:
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданият жана маалымат бөлүмү
Тел.: (0312) 375515 / 375516
Email: culture-japan@be.mofa.go.jp