Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Апрель 2025 ж. 11:11
Көрүлдү: 1623
2025-жылдын 29-апрелинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн даярдалган “Амантай менен Айтуяк” анимациялык тасмасынын автору жана режиссёру Айбек Дайырбеков, ошондой эле сценарийдин автору Токтобек Үсөнов менен жолугушуу болду.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, аталган багыт боюнча адистер, мектепке чейинки билим берүү тармагынын эксперттери, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, бала бакчалардын башчылары жана тарбиячылары катышты.
Жолугушууда мультфильмдин 12 сериясынын синопсистери талкууланып, мазмунуна байланыштуу сунуштар берилди.
Кенже курактагы балдарга арналган көркөм чыгарманын сценарийине адамдагы асыл сапаттарга тарбиялаган, айлана-чөйрөгө камкор мамиле жасоого, китептерге, билимге, өзүн-өзү өнүктүрүүгө үндөгөн, өз ара колдоо көндүмдөрүн калыптандырган сюжеттер тажрыйбалуу тарбиячылар жана эксперттер тарабынан сунушталды.