Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
27 Ноябрь 2024 ж. 16:48
Көрүлдү: 1081
Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов окуучулар менен студенттерге улуттук нарк боюнча ачык сабак өттү.
Ачык сабакка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын жогорку классынын окуучулары жана Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери катышты.