Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
8 Август 2024 ж. 16:05
Көрүлдү: 589
Казан (Приволжский) федералдык университети жогорку окуу жайына тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандарына билим берүү процессин уюштуруу тартиби өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт.
2024 – жылдын 1-сентябрынан 17-октябрь аралыгында, дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен өз алдынча иштөө түрүндөгү теориялык окутуу жүрөт.
18-31-октябрь аралыгы эс алуу
2024-жыл, 1-ноябрь- күндүзгү окуу башталып, студенттер КФУнун жатаканаларына жайгаштырылат.
2025-жылдын 13-июлуна чейин-жогорку билим берүүнүн билим берүү программаларында каралган иштердин көлөмү толук ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, Казанда мамлекет башчыларынын БРИКС саммитин өткөрүүгө байланыштуу билим берүү процессин уюштуруу тартиби өзгөртүлгөн.
Буйрукка(21/06/2024) ) шилтеме: https://kpfu.ru/portal/docs/F1316933661/21.06.2024_01_03_760_Safin.L.R._Snarskaya.E.V.pdf