ЭКИ ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ 59 МИҢДЕЙ ПЕДАГОГ ОКУТУУДАН ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Август 2024 ж. 9:53

Көрүлдү: 1735

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты.

post.title

Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта - оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат:

  • Санариптик сабаттуулук программасы боюнча – 36 миң мугалим;
  • Инновациялык педагогикалык технологиялар (башталгыч класс мугалимдери) программасы боюнча - 7 миң мугалим;
  • Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери программасы боюнча - 8 миң мугалим;
  • Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары программасы боюнча - 7 миң мугалим.
  • Балалык программасы боюнча – 827 тарбиячы (кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын тарбиячылары).

Белгилей кетсек, тренингдердин максаты – окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүк деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.

Бардык окутуу программалары мугалимдерди окутуу системасына киргизилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар