Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
2 Август 2024 ж. 17:54
Көрүлдү: 1848
2-августта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада (54th International Physics Olympiad), химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (56th International Chemistry Olympiad) жана биология боюнча “IBO 2024” эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды сыйлады.
Министр балдарды эл аралык деңгээлдеги жеңиштери үчүн куттуктап, планшет, акылдуу саат жана министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.
* Физика боюнча эл аралык олимпиадада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алган.
* Химия боюнча эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болсо, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамотага татыктуу болгон.
* Биология боюнча “IBO 2024” эл аралык олимпиадада Чүй облусунун Жайыл баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Арсений Виноградов ардак баракчага татыган.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды олимпиадага даярдаган эмгеги үчүн машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.