КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН, КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЖАНА КОЛЛЕДЖДИН ДИРЕКТОРУНУН КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Август 2024 ж. 14:53

Көрүлдү: 1948

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүүгө ачык сынак жарыялайт.

post.title

Ачык конкурс 17 кесиптик лицейдин, 2 кесиптик окуу жайдын жана бир колледждин директорунун бош кызмат ордуна жарыяланды. Тизме 

Талапкерлерге квалификациялык талаптар:

  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген  соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы;
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 1-августу.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 14-августу, саат 18:00гө чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 

Сурап-билүү телефону: 0312 62 05 09

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/425/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар