Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Июль 2024 ж. 18:04
Көрүлдү: 2010
Урматтуу ата-энелер жана абитуриенттер!
Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларына кабыл алуу жана тандоо “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган https://2020.edu.gov.kg/ маалыматтык системасы аркылуу гана ишке ашырыла турганын эскертет.
Ошондой эле абитуриенттерди кабыл алуу 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жана бул жылга карата министрлик тарабынан белгиленген босого упайлардын негизинде гана жүргүзүлөт.
“Абитуриент онлайн” маалыматтык системасы кабыл алуу процессинде ачыктыкты камсыз кылып, адам факторунун катышуусун чектейт. Андыктан кайсы бир билим берүү уюмунун кызматкери\өкүлү ортодон акча жасоо максатында окууга өткөрүү боюнча мыйзамсыз жолдорду сунуштаса, ага ишенбөөгө жана жол бербөөгө чакырабыз.
Эскертүү!
Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларынын жетекчилери мыйзамсыз коррупциялык аракеттердин алдын-алуу боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.
Эгерде мыйзамсыз көрүнүштөргө күбө болсоңуз же кабылсаңыз төмөндөгү телефон номурлары аркылуу билдирсеңиз болот.
Чалуу борбору: 110 номуру
Коомдук кабылдама: +996(312) 62-05-19