АБАЙЛАҢЫЗ! БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ!

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Июль 2024 ж. 11:27

Көрүлдү: 2066

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюмдун, анын жетекчилеринин же кызматкерлеринин атынан жалган маалымат таратылган учурлар бар экенин эскертет.

post.title

Министрлик компьютердик техника же башка жабдууларды алуу үчүн акы төлөөнү, акча которууну талап кылбайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы ар дайым https://edu.gov.kg/ сайтында жарыяланат.

Алар кызмат үчүн акы төлөөнү же артыкчылыкты, мүмкүнчүлүктү алуу үчүн жардам сураганда этият болуңуз. Алдамчылар өздөрүн кандайдыр бир уюмдун кызмат адамдары катары көрсөтүшү мүмкүн.

Белгисиз телефон номурларынан чалууларды же билдирүүлөрдү алууда этият болуңуз!

Шылуундар жакындарыңыздын же тааныштарыңыздын үндөрүн, сүрөттөрүн, видеолорун жасалмалашы мүмкүн.

Алар көрсөткөн шилтемелерди баспаңыз жана сандарды/символдорду тербеңиз. Келген маалыматты текшериңиз!

Алдамчылык фактылары жөнүндө ички иштер бөлүмдөрүнө билдирсеңиз болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар