УКУКТУК САБАТТУУЛУКТУН ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Июль 2024 ж. 13:58

Көрүлдү: 1564

30-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жана Кыргыз Республикасындагы “Ист-Вест Менеджмент Институт” уюмунун филиалынын директорунун орун басары Назира Раимжанова кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

post.title

Меморандум билим берүү системасынын кызматкерлеринин жана жаштардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин, гендердик теңчиликти жогорулатууга, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, адам укуктарын коргоого жана укуктук маалыматка жетүүнү жакшыртууга багытталган.

Меморандумга ылайык социалдык педагогдор менен санариптик инструменттер аркылуу укуктук тематикалар боюнча иштөө үчүн максаттуу пилоттук райондор болуп Бишкек шаарынын Свердлов району, Ысык-Көл облусунун Тоң району жана Ош облусунун Ноокат району тандалып алынган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар