Министрликте бала бакча жана мектеп маселелери талкууланды

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

21 Январь 2022 ж. 22:15

Көрүлдү: 1690

Бүгүн, 21-январда, Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын актуалдуу маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Ага министрликтин жетекчилиги жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.

post.title

Жыйында министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркуловдор баяндама жасап, өлкөнүн бала бакчаларындагы жана мектептериндеги эпидемиологиялык кырдаал, тарбиялануучулар жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар, окутуу-тарбиялоо процессинин уюштурулушу, мекемелердин жылытуу системасынын абалы, материалдык-техникалык базасы, курулуш иштеринин жүрүшү жана 2022-жылга пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Катышуучулар белгиленген маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Жыйындын соңунда жетекчилерге өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышып, уюштуруу-координациялоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар